Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Малиде 119 кишиси менен Алжирдин учагы кыйрады


Бортунда 119 кишиси менен бараткан учак 24-июлда Буркина-Фасодон Алжирге сапар алган болчу. Бул тууралуу Reuters агенттиги Алжирдин авиатранспорт боюнча мекемесинин маалыматына таянып билдирди. Азырынча кыйроонун себептери жана башка маалыматтар айтыла элек.

Air Algerie ("Эйр Алжерия") компаниясына таандык "Макдоннелл Дуглас" учагында Франциянын 50, Буркина-Фасонун 25, ошондой эле Орусиянын, Ливандын, Алжирдин жана Германиянын жарандары болгон.

Алжирдин транспорт министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, авиакырсык Мали аймагында болгон. Авиалайнер Малинин түндүк бөлүгүндө учуп бараткан учурда диспетчер алдыда келаткан башка учак менен кагышып кетпөөнү эскертип, курсту алмаштырууну буйруган. Ошондон соң учак менен байланыш үзүлүп, радарда көрүнбөй калган. (SE)

XS
SM
MD
LG