Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:32

Бүгүн Бишкекте “Мекендештер” форуму башталат


Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева. (Архив. 04.4.2012).
Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева. (Архив. 04.4.2012).

Чет элдеги кыргызстандыктардын башын бириктирген “Мекендештер” форумуна 20 мамлекеттен 200дөн ашуун катышуучу келет. Бул тууралуу форумду уюштуруп жаткан “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фондунан кабарлашты.

25-26-июлга белгиленген форумдун алкагында диаспоралардын кызматташтыгы, Кыргызстандагы бизнес, саламаттыкты сактоо, маданият, туризм, билим берүү жаатындагы маселелер талкууланат. Андан сырткары, ата мекендик өнүмдөрдүн жармаңкеси да уюштурулат. Катышуучулар түрдүү долбоорлорду чогуу ишке ашыруу боюнча пикир алмашышат.

“Мекендештер” форуму Кыргызстанда экинчи ирет өтүп жатат. Алгач ал 2012-жылы 2-3-августта уюштурулуп, ал шеринеге 18 өлкөдөн 250гө жакын кыргызстандык катышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG