Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:07

Багдадда кош жардыруудан 15 киши мерт кетти


Багдаддын борборунда 24-июлда эки унаа жарылды. Полициянын маалыматына ылайык, 15 адамды апаат кылган жардыруулар Ирак парламенти Фуад Масумду президентикке шайлагандан бир нече саат өткөндөн кийин болду.

Бейшембиде согушчандар Тажи шаарындагы аскерий базадан Багдадга арестанттарды алып бараткан автобуска да чабуул жасап, 61 адамдын өмүрүн кыйган. Алардын 9у полиция кызматкери, 52си арестанттар болчу. Согушкерлердин чабуулунан алар бараткан автобус күйүп кеткен.

Ирактын түндүгү жана батышынын чоң бөлүгүн көзөмөлдөгөн “Ирак жана Левант ислам мамлекетинин” согушчандары акыркы мезгилде Багдадга чектеш аймактарга 24 жолу чабуул жасады. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG