Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

Бажы биримдигине кирүү боюнча кыргыз-казак сүйлөшүүсү болот


Бүгүн Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кирүүсү боюнча кыргыз-казак сүйлөшүүлөрү болот. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууга кыргыз тараптан экономика министри Темир Сариев, казак тараптан өкмөт башчынын биринчи орун басары Бакытжан Сагинтаев баштаган делегация катышат.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев шаршемби күнү билдиргендей, кыргыз өкмөтү тарабынан Бажы биримдигине кирүү маселесине өзгөчө көңүл бурулууда. Бул жараянды Оторбаев системалуу кадам деп атап, "көңүл жаздымда калтыра турган пункттар жок" экенин айткан.

Беларус, Казакстан жана Орусия кирген Бажы биримдигине Кыргызстан келерки жылда кошуларын убада кылган. (SE)

XS
SM
MD
LG