Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:58

Украин премьер-министри кызматтан кетээрин билдирди


Украин премьер-министри Арсений Яценюк. Киев ш. 23.7.2014.
Украин премьер-министри Арсений Яценюк. Киев ш. 23.7.2014.

Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк коалиция ыдыраганы жана өкмөттүн демилгелерине тоскоолдуктар болуп жатканы үчүн кызматтан кете тургандыгын билдирди. Ал мындай пикирин бейшемби күнү Жогорку Радада айтты:

- Мындай жагдайда эки вариант бар. Же коммунисттердин жана “Региондор партиясынын” катышуусу менен жаңы коалиция куралышы керек же өкмөт кызматтан кетиши зарыл. Мен коалициянын бузулушу жана өкмөттүн демилгелерине тоскоолдуктар жаралганы үчүн кызматтан чегинээримди жарыялайм.

Жогорку Рада Яценюктун билдирүүсүн бүгүнкү жыйында карайт.

Мурадараак спикер Александр Турчинов “Европа тандоосу” коалициясы таркаганын маалымдаган. Буга коалиция курамынан “Удар” жана “Свобода” фракциялары чыкканы себеп болгон.

Бейшемби күнү кечинде Украинанын президенти Петр Порошенко спикер Турчиновго расмий кат жолдоп, Яценюк баштаган министрлер кабинети жумушун улантышы зарылдыгын билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG