Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

“Альфа Телекомдун” 51 пайыздык үлүшү мамлекетке өткөрүлдү


“Мегаком” деген ат менен белгилүү “Альфа-Телеком” уюлдук компаниясынын 51 пайыз акциясы мамлекеттин карамагына өткөрүлдү. Бул тууралуу Жогоку Соттун алдындагы соттук департаменттен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 14-июлда Бишкектин райондор аралык соту аталган компаниянын 51 пайыздык үлүшүн камактан чыгаруу тууралуу чечим кабыл алды. Бул чечим “Альфа Телекомдун” 100 пайыздык үлүшүн мамлекет карамагына өтүшүн шарттады.

2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң аталган компаниянын 49 пайыздык үлүшү улутташтырылып мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн. 51 пайыз акциясы болсо компаниянын түзүүчү болгон мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин жакын адамы Алексей Елисеев тарабынан түзүлгөн. «Southfield Management Inc» жана «Vesatel Unitеd Limited» компанияларынын карамагында болчу. Бирок Елисеев “бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз тартып алган” деген айып тагылгандыктан компаниянын активдери камакка алынган. Ал эми Ош шаардык соту былтыр июлда Алексей Елисеевди күнөөлүү деп, үй мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү чечимин кабыл алган. Мындан улам Бишкектин райондор соту “Альфа-Телекомдун” 51 пайыздык акциясын камактан чыгарып, мамлекеттин карамагына өткөрдү. Бул мамлекеттик бюджетке 2 миллиард 800 миллион сомдон ашык дивиденттин түшүшүн шарттайт (BkA)

XS
SM
MD
LG