Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Бишкекте “Мекендештер” форуму ишин баштады


Мекендештердин эки күндүк Бишкек форумун “Роза Отунбаеванын демилгелери” фонду уюштурууда. Ага 25 өлкөдө жашап иштеп жүргөн 300гө жакын кыргызстандык катышууда. Иш-чара “Кыргызстандын келечегине салым” деген ураанды астында өтүп жатат. Форумдун алкагында диаспоралардын кызматташтыгы, Кыргызстандагы бизнес, саламаттыкты сактоо, маданият, туризм, билим берүү жаатындагы маселелер талкууланууда. Андан сырткары, ата мекендик өнүмдөрдүн жармаңкеси да уюштурулмакчы.

“Мекендештер” форуму Кыргызстанда экинчи ирет өтүп жатат. Алгач ал 2012-жылы 2-3-августта уюштурулуп, ал шеринеге 18 өлкөдөн 250гө жакын кыргызстандык катышкан.(BkA)

XS
SM
MD
LG