Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:38

Өкмөт башчы энергетикада абал оор экенин айтты


Бул тууралуу өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев алты айдын жыйынтыгын чыгарган өкмөт жыйынында билдирди. Анын айтымында, өлкө түштүгүнө газ берилбей калганына байланыштуу энергетика тармагында оор абал жаралды. Буга байланыштуу электр энергиясын үнөмдөп, жылуулук үчүн көмүргө өтүү каралууда. Өкмөт учурда мындай кырдаалдан чыгуу үчүн атайын программа иштеп жатат. Анын алкагында Ошто атайын штаб түзүлмөкчү.

Ошондой эле Оторбаев Монополияны жөнгө салуу боюнча агенттикке өлкөдө кышкы сезон үчүн канча тонна көмүр талап кылынаарын эсептеп чыгууну тапшырды. (BkA)

XS
SM
MD
LG