Линктер

шаршемби, 25-январь, 2017 Бишкек убактысы 03:24

Алым Токтомушевдун сөөгү эртең жерге берилет


Кечээ дүйнө салган белгилүү публицист, акын Алым Токтомушев 26-июлда жерге берилет. Маркумдун сөөгү Бишкектин четиндеги Байтик айылындагы көрүстөнгө коюлмакчы. Өкмөт Токтомушевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына 100 миң сом бөлдү.

Алым Токтомушев 1947-жылы Жумгал районунун Кайырма айылында төрөлгөн. Ал узак жылдар бою басма сөз жаатында эмгектенип, кыргыз журналистикасынын аналитикалык жанрына өзгөчө салым кошкон.(BkA/KE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG