Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:29

Орусиядан чыга албай калган жаран боюнча акция өтүүдө


Бишкектеги Орусия элчилигинин алдында жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров паспорттогу сүрөтүнө окшош болбогону үчүн жоопко тартылып жаткан Маратбек Эшанкулов боюнча акция өткөрүүдө. Активист Орусиянын бийлик органдары Эшанкуловдун укугун тебелеп жатканын айтып, аны өлкөгө чыгарууну суранууда.

Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарынын 22 жаштагы тургуну Маратбек Эшанкулов 2010-жылы Москвага барган. Аэропорттон эч кандай тоскоолдуксуз өтүп, Москвада бир жыл иштегенден кийин мекенине кайтууну чечкен. 2011-жылы 19-ноябрда "Домодедово" аэропортунун чек ара кызматкери паспортундагы сүрөт ага окшош эместигин негиз кылып учактан алып калган. Ошентип 2011-жылдын ноябрь айынан тартып Маратбектин паспорттогу сүрөтүн аныктоо аракети башталган. Адвокаттын айтуусунда, 7 жолу түрдүү экспертиза жүргүзүлдү. Акыры быйыл апрелде Москвадагы Домодедово соту Маратбек Эшанкуловдун кылмыш кылбаганын аныктаган чечим чыгарды. Буга карабай Эшанкулов ушул күнгө чейин Орусиядан мекенине чыга албай жатат.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG