Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

Апрель соту өкүмүн чыгарды


Апрель окуясы боюнча үч жарым жылга созулган сот процесси 25-июлда аяктады. Бишкек горнизондук соту чыгарган өкүмдүн негизинде мурдагы президент Курманбек Бакиев, иниси, Мамлекеттик Күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновду өмүр бою сыртынан эркинен ажыратылышты. Алар 2010-жылы 7-апрелде бийликке нааразы болуп чыккан элге каршы ок чыгарууга буйрук берген деп табылды. Курманбек Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев кызмат ордун мыйзамсыз таштап кеткен деп табылып, 10 жылга кесилди.

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороев, президенттин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев, мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункулов 10 жылга эркинен ажыратылышып, сот залынан камакка алынышты. Булар кызмат абалынын ашыкча пайдаланган деп табылды.

Камакка алынгандардын ичинде Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Нурлан Темирбаев, атайын даярдыктагы “Альфа” бөлүгүнүн командири Алмаз Жолдошалиев да бар. Сотто Темирбаев 22 жылга, Жолдошалиев 6 жылга эркинен ажыратылышты. "Альфа” атайын кызматынын жана Мамлекеттик күзөт кызматынын айыпталып жаткан аскерлери болсо акталышты.

7-апрелде элге ок атууга көмөктөшкөн деп айып тагылган УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов 20 жылга соттолду. Суталинов саламаттыгы начарлап кеткенине байланыштуу сот өкүмү күчүнө киргенге чейин боштондукта калтырылды. Саламаттыгына байланыштуу Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчи орун басары Данияр Дунганов да камакка алынган жок. Аны сот 25 жылга кести.

Негизги айыпталуучулардын ичинен мурдагы Коргоо министри Бакыт Калыевге карата кылмыш иш кыскартылды. Ал эми президенттин катчылыгынын мурдагы жетекчиси Оксана Малеванная болсо 10 жыл сыртынан соттолду.

Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунун өкүмүн судья Дамир Оңолбеков жарыялады.

Апрель окуясында каза болгон жана жабыркагандардын адвокаты Осунбек Жамансариев “Азаттыкка” сот өкүмүнө канааттанганын билдирди.

Айыпталуучулардын адвокаттары болсо сот өкүмүнө каршы болушуп, жогорку баскычтарга даттана тургандыгын айтышты.

Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү башталганына 3,5 жылдан ашты. Кыргызстандын тарыхындагы эң узакка созулган жана чуулгандуу саналып жаткан бул сот процессин башынан аягына чейин судья Дамир Оңолбеков алып барды. Андагы материалдардын жалпы көлөмү 64 томду түздү. Анда 300дөн ашуун адам жабырлануучу катары өттү. Эки тараптын кызыкчылыгын коргогон адвокаттардын жалпы саны 20дан ашты. Мамлекеттик айыптоо тарабынан ишке 7 прокурор тартылган. (BkA/ZB)

XS
SM
MD
LG