Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:07

Украинада премьер-министр алмашууда


Украин премьер-минстринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Владимир Гройсман.

Украин премьер-минстринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Владимир Гройсман.

Өкмөттүн бүгүн билдирүүсүндө айтылгандай, премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп Владимир Гройсман дайындалды.

Мындай чечим өкмөт башчы Арсений Яценюк кызматтан чегингенине байланыштуу кабыл алынган.

Яценюк кечээ кызматтан чегингенин жарыялап жатып, мунун сеебеби катары парламенттик коалициянын чачырашын, өкмөттүн бюджет, салык, энергетика сектору боюнча демилгелери колдоо таппаганын атаган эле.

Башкаруучу коалициядагы “УДАР” жана “Эркиндик” партиялары андан чыкканын президент Петро Порошенкого жаңы парламенттик шайлоонун процедураларын баштоого мүмкүндүк берүү деп түшүндүрүшкөн.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Владимир Гройсман 36 жашта. Быйыл февралдан бери вице-премьер жана аймактык өнүгүү министринин кызматын аркалап жаткан. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG