Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Еврошаркет Орусия боюнча “кара тизмесин” кеңейткен жатат


Орусияга каршы санкцияны кеңейтүүнүн алкагында жаңы “кара тизмеге” украиналык жана орусиялык 15 жаран жана 18 мекеме-уюм киргизилери күтүлүүдө.

Дипломатиялык булактар билдиришкендей, “кара тизмеге” киргизилүүчү 18 мекеме-уюмдун тогузу орусиячыл жикчилердин бирикмеси, тогузу Чыгыш Украинадагы ишканалар.

Мындан сырткары талкууланып жаткан чаралар Европанын инвесторлоруна орус өкмөтү кеминде 50%на ээлик кылган банктардын үлүштөрүн жана карыз кагаздарын сатып алууга тыюу салуу, Орусияга курал жана деңизден мунай бургулоочу жабдууларды сатууга чектөө киргизүүнү да карайт.

Украина кризисинен улам Орусиянын банктары менен компанияларына санкция киргизерин кечээ Канада өкмөтү да жарыялады. (UE)

XS
SM
MD
LG