Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:41

Рамзан Кадыров Еврошаркеттин “кара тизмесине” илинди


Еврошаркет Украинадагы кризиске байланыштуу Орусияга каршы санкциясын кеңейтти. Анын алкагында жаңы “кара тизмеге” украиналык жана орусиялык 15 жаран жана 18 мекеме-уюм киргизилди. Еврошаркетке мүчө өлкөлөргө кирүүгө жана активдери камакка алынган адамдардын катарында Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров, Орусиянын Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Михаил Фрадков, Федералдык коопсуздук кызматынын жетекчиси Александр Бортников, өзүн өзү жарыялаган “Донецк Элдик республикасынын” башчысы Павел Губарев бар.

“Кара тизмеге” киргизилген 18 мекеме-уюмдун тогузу орусиячыл жикчилердин бирикмеси, тогузу Чыгыш Украинадагы ишканалар. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG