Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:29

Жо Байден жана Петро Порошенко Украинадагы абалды талкуулады


АКШнын вице-президенти Жо Байден менен Украин президенти Петро Порошенко 25-июлдун кечинде телефон аркылуу байланышып, Украинадагы кырдаалды талкуулашты. Ак үйдүн маалыматы боюнча, эки тарап Малайзия учагы кыйраган жерге эл аралык эксперттерди киргизүү, Орусиянын жикчилдерге жардам берип, курал-жарак жөнөтүү иши уланып жатканы боюнча сүйлөштү. Порошенко учак кыйраган жерде ыкчам-иликтөө иштери үчүн жасалып жаткан аракеттер тууралуу айтты. Ошондой эле украин армиясы Орусия аймагынан аткылоо объектисине айланып жатканына көңүл бурду. Жо Байден болсо Украинадагы кырдаалды чайпаганы үчүн Орусияга каршы киргизилчү АКШ жана Еврошаркеттин жаңы санкциялары туурасында маалымдады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG