Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

Базар-Коргондо Батыровдун билдирүүсүнө каршы чыгышты


Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун өзбек тектүү тургундары жыйын өткөрүп, 2010-жылдагы июнь окуясына тиешелүү деп издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровдун интернет булактарына жарык көргөн кайрылуусун талкуулашты. Бул тууралуу “Азатыкка” аймактагы аксакалдар кеңешинин төрагасы Мирзаумар Мирзахамдамов билдирди. Батыров оз билдирүүсүндө Кыргызстанда азчылык улуттарга басым азыр да күчөп жатканын, 2010-жылы да ушул окуя орун алганын белгилеген. Элдик жыйындын жүрүшүндө өзбек коомчулугу Батыровдун айткандары негизсиз экендигин жана алар окуянын кайра кайталанышын каалабай тургандыктарын билдиришти. Чогулган 200го чукул жашоочулар соңунда кайрылуу кабыл алышып, бүткүл Кыргызстандагы ар башка улуттарды чагымчылдыкка алдырбай, мамлектеттин бекемдиги үчүн биримдикке чакырышты. Ошондой эле Кадыржан Батыровдун кайрылуусун жарыялаган “Фергана Ру” маалымат агенттигине да өздөрүнүн билдирүүсүн жөнөтүштү. (RsK)

XS
SM
MD
LG