Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:34

Бажы биримдигине кирүү боюнча кыргыз-казак сүйлөшүүсү өтүүдө


Бажы биримдигине кирүү жана эки тараптуу кызматташуу, Кыргызстандын Бирдиктүү экономикалык аймакка кирүүсү боюнча кыргыз-казак сүйлөшүүсү ушул тапта Ысык-Көлдө, Чолпон-Ата шарында өтүп жатат. Жолугушууга кыргыз тараптан экономика министри Темир Сариев, казак тараптан өкмөт башчынын биринчи орун басары Бакытжан Сагинтаев баштаган делегация катышууда.

Жыйын жабык өтүп жатканын министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Эки тарап 16-майда Астанада өткөн жолугушуунун жыйынтыктарын, биримдикке кирүүдөгү маселелерди талкуулап жатат.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү маселесине өзгөчө көңүл буруп жатканын билдирген. Бул жараянды Оторбаев системалуу кадам деп атап, "көңүл жаздымда калтыра турган пункттар жок" экенин айткан.

Беларус, Казакстан жана Орусия кирген Бажы биримдигине Кыргызстан жаңы жылда кошуларын убада кылган. Бирок анын пайда-зыяны канчалык экени тууралуу карапайым калкта түшүнүк жокко эсе. (КЕ)

XS
SM
MD
LG