Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Порошенко: Украина каржылык милдеттенмелерин аткарат


Украина Эл аралык валюта корунун программасынын алкагында алган бардык каржылык милдеттенмелерди аткарат. Бул тууралуу Украин президенти Петро Порошенко МВФтин аткаруучу директору Кристин Лагард менен болгон телефон сүйлөшүүдө билдирди. Ал украин бийлиги өлкөдөгү татаал кырдаалга карабай МВФтин миссиясы менен биргеликте мындан аркы реформанын планы иштелип чыкканын белгиледи.

Лагард өз кезегинде украин саясатчыларын шайлоо алдында популизмден алыс болууга жана аткарууга мүмкүн болбогон убадаларды берөөгө чакырды. “Украина МВФ жактырган программанын алкагында гана алдыга жылышы керек”, - деп билдирди ал. (КЕ)

XS
SM
MD
LG