Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Таштаналиев: Суу тартыштыгынан дүрбөлөң болбойт


Бул тууралуу “Азаттыкка” суу чарба жана мелиорация департаментинин башчысы Көкүмбек Таштаналиев билдирди. Анын белгилешинче, суу тартыштыгынан улам Казакстан сураган секундасына 20 куб метр суунун ордуна 7-8 куб метр гана берилүүдө.

Бүгүн Чолпон-Атада кыргыз-казак сүйлөшүүсү жүрүүдө. Анда казак тарап суу берүү маселесин көтөргөн. “Чүйдөгү кургакчылыктан улам Орто-Токой суу сактагычында суу жок калды. Канча суу келсе, ошонун баары дыйкандарга берилип жатат. Ошондуктан биз сууну алар сураган көлөмдө бере албайбыз. Орто-Токойдо 30% тегерегинде суу калды. Суу тартыш, бирок сугат иштеринин бүткөнүнө байланыштуу дүрбөлөң болбойт”, - деди Таштаналиев. Казак тарап аккан сууну үнөмдүү пайдалануу үчүн канал куруу сунушун айтты. Бул маселе эми өкмөттүк деңгээлде талкууланат.

Быйыл жылдын кургакчыл болушу дан эгиндерине, талаа өсүмдүктөрүнө олуттуу зыян келтирүүдө. Айрыкча сугат сууга байланыштуу маселе Чүй облусунда курч болуп жатат. Өкмөт алдындагы Суу чарба департаментинин маалыматы боюнча, өлкөдөгү суу сактагычтардагы запастын 70 пайызы пайдаланылды. (КЕ/UEz)

XS
SM
MD
LG