Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:35

Казакстан Кыргызстанга 500 млн. кВт/ саат электр энергиясын берет


Бул тууралуу Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев бүгүн Чолпон-Атадагы кыргыз-казак сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы тууралуу журналисттерге маалымат берип жатып билдирди. Эми анын шарттары менен жол-жобосун тиешелүү мекемелер иштеп чыгат. Өкмөт башчы кыргыз-казак жолугушуусу жемиштүү болгондугун да кошумчалады.

Кыргыз-казак сүйлөшүүсү бүгүн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өттү. Анда эки тараптуу кызматташуу, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү шарттары, Орусиядан Кыргызстанга ташылып келаткан күйүүчү майдын Казакстандын “Луговое” темир жол бекетинде кармалып турушу, күз-кышка электр энергиясын Казакстандан алуу, суу маселелери талкууланды.

Экономика министри Темир Сариев күйүүчү май боюнча Казакстанда кылмыш иши козголгонун, бул маселе ошонун негизинде чечилерин белгиледи. Кыргыз тарап бул ишти тездетип берүүнү өтүндү. (КЕ/UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG