Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:19

Казакстан суицид боюнча алдыда


Казакстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен өз өмүрүн кыйгандардын саны боюнча алдыңкы орунда. Бул туралуу Улуттар уюмунун Адамдын өнүгүүсү боюнча баяндамасында жазылат.

Дүйнөлүк уюмдун адамдын өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрүнүн тизмесин Норвегия, Австралия, Швейцария баштаса, Африкадагы эң жарды деген Конго жана Нигер өлкөлөрү эң төмөндө турат.

Борбор Азия өлкөлөрү тизменин ортосунда: Түркмөнстан 103, Өзбекстан 116, Кыргызстан 125, Тажикстан 133-орунда. Казакстан коңшуларынан алдыңкы 70-орунду ээлеген.

Ошол эле маалда Казакстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен өз өмүрүнө кол салгандардын арасында алдыда турат. Жашоо шарттын деңгээли боюнча коңшуларга караганда алдыга кеткен бул өлкөдө суициддин көп болушун адистер ар кандай түшүндүрүшөт.

Казакстандын стратегиялык изилдөөлөр институтунун бөлүм башчысы Мадина Нургалиеванын баасында, өзүнө-өзү кол салгандардын көбөйүшү ички психологиялык жана сырткы социалдык факторлор менен байланыштуу:

- Учурда жашоо шарттары начарлардын арасында дагы өзүнө-өзү кол салгандар бар. Алардын арасына карызга батып, төлөй албай калгандар, ипотека, кредит алгандар, күрөөканалардын туруктуу кардарлары кирет. Бул адамдар юристтердин, финансисттердин жана башка адистердин жардамына муктаж. Менимче, ар бир топ менен өз алдынча иш жүргүзүү керек.

Нургалиева адамдар жаш курагына, коомдук макамына жана материалдык байлыгына карабай өзүн жоготуп, туңгуюктан чыга албай калганы кадимки көрүнүшкө айланып баратканын, андыктан суциддин өсүшүн экономикалык себептерге гана такоого болбостугун айтты.

“Элдани” кайрымдуулук корунун жетекчиси Гүлзира Амантурлина Казакстанда өз жанын өзү кыйгандардын арасында балдар жана өспүрүмдөр көбөйүп баратканын, алардын басымдуу бөлүгү үй-бүлөлүк маселелерге байланыштуу экенин белгилейт:

- Негизги себептердин бири - ата-эненин ажырашуусу жана мектептеги теңтуштарынын орой мамилеси. Суициддин токсон пайызы мына ушундан улам болот. Ата-энелер балдарын угушпайт. Эгер бала жашоо жакпай калганын, жашагысы келбей жатканын айтып калса эле дароо көңүл буруу керек. Анткени бул алгачкы коңгуроо.

Адистин айтканына кулсак салсак, мектеп бүтүрүүчүлөрү тапшырган Улуттук тестирлөө алгачкы кирген жылдары балдарга терс таасир тийгизип, анын айынан жарыкчылык менен коштошууга чейин баргандар болгон.

Ал эми Психиатрия жана наркология боюнча илимий практикалык борбордун жетекчиси Сергей Скляр болсо Улуттар уюмунун баяндамасы боюнча «бизде ар бир [суицид] факт катталат. Бул бизде өсүп жатат дегенди билдирбейт. Башка өлкөлөр андайларды каттабай коюшу мүмкүн” деп түшүнөт. Бул борбордун маалыматы боюнча, 17 миллион калктуу Казакстанда жыл сайын үч миңге жакын киши өзүнө-өзү кол салып, жарыкчылык менен коштошот.

XS
SM
MD
LG