Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:39

Украинада Кременчугдун мэрин атып кетишти


Украинанын Полтавск облусуна караштуу Кременчуг шаарынын башчысы Олег Бабаевди бүгүн атып кетишти. Ал үйүнөн машинасы менен чыккан учурда белгисиз бирөөлөр ок чыгарган. Бабаев ошол жерден жан берген. Бүгүн түнү Украинанын батышында, Львов шаарында белгисиз бирөөлөр шаар мэри Андрей Садовой жашаган үйдү аткылаган. Шаар башчысы жана анын үй-бүлөсү үйдө жок болгондуктан эч ким жабыркаган эмес. Бул тууралуу УНИАН агенттиги жазып чыкты.

Ушул тапта да Луганск жана Донецкте куралуу кагылыш уланууда. Украин маалымат каражаттарынын билдиришинче, өткөн түнү Луганскта тогуз киши өлтүрүлүп, отуздайы жараат алган. Луганск менен Донецкте ондогон мекемелер талкаланган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG