Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:16

Баткендеги айланма жолдун курулушу жандана элек


Баткендеги Тажикстандын Ворух анклавын айланып өтчү Ак-Сай-Көк-Таш-Тамдык жолунун курулушу жандана элек. Бул тууралуу Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчиев “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, азырынча жолдун курулуш баштоо боюнча эч кандай аракеттер байкалбайт. Буга чейин кыргыз өкмөтүнүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров “Азаттыкка” аталган жолдун курулушу ушул жума аягына чейин башталаарын билдирген эле. Өкмөт өкүлү 22-июлда өкмөттө бул боюнча атайын жыйын болуп, жолдун курулушун жандантуу чечимин кабыл алганын кабарлаган.

Тажикстандын Ворух анклавын айланып өтчү, жалпы узундугу 25 чакырымдай бул жолдун курулушу былтыр апрель айында башталган. Бирок тажик тараптын ага каршылыгынан улам курулуш шыр кетпей, бир нече жолу жаңжал чыгып, токтоп калган. Ай башында эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү жолугуп, курулушту 10-июлдан тарта жандантуу боюнча протоколго кол коюлган. Бирок 10-июлда да аталган аймакта кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда кайрадан куралдуу кагылыш тутанып, курулуш уланбай калган. (BkA)

XS
SM
MD
LG