Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Биометрика боюнча тендердин жыйынтыгы 30-июлда чыгат


Биометрикалык жабдууларды сатып алуу боюнча тендердин жыйынтыгы 30-июлда чыгат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, 25-июлда тендердин экинчи туру болуп өттү. Ага 6 чет өлкөлүк компания катышты. Тендерге катышкан компаниялар арасында 3 франциялык, Монголия, Нидерланд жана Германиядан бирден компания бар. Алар биометрикалык жабдыктарды алып келүү боюнча өз сунуштарын беришти. Бул боюнча учурда атайын комиссия иштеп жатат. Жыйынтыгында Кыргызстан үчүн ылайыктуу сунушту берген компания тандалып алынмакчы.


Июнь айында жарыяланган конкурска жалпысынан 16 компания катышкан. Биринчи турдун жыйынтыгы менен алтоо тандалып алынган.


Туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында биометрикалык маалыматтарды топтоону 31-августтан тарта баштоо тапшырылган. Бул үчүн өкмөт 260 млн. сом каражат тапканы кабарланган. Биометрикалык каттоо 2015-жылы боло турган парламенттик шайлоодо "бир жаран-бир добуш" системасын камсыздоого багытталган.(BkA)

XS
SM
MD
LG