Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:29

Украина: өкмөттүк күчтөр Донецкти кайтарып алуу аракетинде


Украинанын өкмөттүк күчтөрү Донецкти кайтарып алуу үчүн орусиячыл жикчилерге каршы чабуулун баштады. Ишембиде бул шаардын көпчүлүк бөлүктөрүндө атышуулар, жардыруулар угулуп жатты. Украинанын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Андрей Лысенко өкмөттүк күчтөр Горловкага кире электигин, учурда Донецктин түндүк жагында экенин кабарлаган. Акыркы кезде жикчилер ээлеген аймактарды бошото баштаган соң украин армиясынын чабуулу күчөдү.

Ал ортодо 26-июлда Нидерланддын өкмөтү соттук-медициналык экспертиза 17-июлдагы Донецк облусунун аймагында кыйраган учакта каза болгон 298 адамдын биринин өздүгүн аныктаган жарыялады. Ал голландиялык жаран экени айтылганы менен аты-жөнү жана жынысы жарыяланган жок.

XS
SM
MD
LG