Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Эксперттер уруштан улам учак кулаган жерге барбай калды


Украинанын өкмөттүк күчтөрү менен жикчилер ортосундагы Донецк облусундагы атышуудан улам эл аралык эксперттердин тобу малайзиялык учак кыйраган жерге барбай калышты. ЕККУнун Украинадагы Байкоочулар кеңешинин төрага орун басары Александр Хуг журналисттерге “кырсык болгон жерде кооптуу болгону үчүн, сапар эртеңкиге жылдырылганын” билдирди. Буга чейин нидерланддык жана австриялык эксперттер жана полиция кызматкерлери учак кулаган жерге барары кабарланган. Бүгүн Малайзия бийликтери да кырсык болгон жерге полиция киргизүү тууралуу макулдашканын шардана кылды.

Украинанын өкмөттүк күчтөрү Донецкти кайтарып алуу үчүн орусиячыл жикчилерге каршы операция жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG