Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

ХАМАС Газада 24 саатка ок атууну токтотууга макул болду


Газа тилкесин көзөмөлдөгөн палестиндердин ХАМАС кыймылы тилкеде 24 саат ок атууну токтотууга макул болгонун билдирди. Кыймылдын маалымат катчысы Сами Абу Зухри бүгүн сүйлөп жатып “БУУнун кийлигишүүсү жана Орозо айттын башталышына байланыштуу жекшемби саат 2ден тарта ок атууну 24 саатка токтотуу чечимин кабыл алдык”, - деди.

Буга чейин Израил кечээ Газа тилкесине ок чыгарууну 24 саатка токтотконун кабарлаган. Бул өлкө өкмөтүнүн өкүлү кабарлагандай, гуманитардык максаттагы тыныгуу дүйшөмбү түнкү саат 12ге чейин уланышы керек болчу. Бирок буга ХАМАС макул болгон эмес. Мындан соң Израил аскердик операцияны кайрадан жандантканын кабарлаган эле.

19 күндөн бери уланып жаткан уруштан ХАМАС уюмунун билдиргени боюнча, миңге жакын палестиналык адам набыт кетти. Ал эми Израил тараптан 40 аскер жана 3 жай тургуну мерт болгону кабарланууда.

XS
SM
MD
LG