Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Мечитте киши сабаган адам абактан чыгарылды


Ош шаарында чолок шым кийип мечитке киргени үчүн Жыргал Абдимомун уулун сабаган адам камактан бошотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” жабырлануучу кабарлады. Анын айтымында, кармалган 24 жаштагы жигит кечирим сурап, бардык чыгымдарды төлөп берүүнү убада кылган. Мындан соң Жыргал Абдимомун уулу тосмо арыз жазып, кылмышка шектүү камактан бошотулган.

11-июлда жума намазына чолок шымчан экенине карабай шашылыш мечитке кирип барган 19 жаштагы Жыргал Абдимомун уулун жанында намаз окуп отурган бала дааратканага алып кирип токмоктоп салган. Токмоктон Жыргалдын көк боору жарылып кеткен. Мындан соң жабырлануучу милицияга кайрылып, аны урду деп шектелген адамга денеге оор зыян келтирди деген айып тагылып, камакка алынган эле.(YI/BkA)

XS
SM
MD
LG