Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:06

Кыргызстандыктар Орозо айтты 29-июлда белгилейт


Ай жаңырышы боюнча илимий изилдөө. Сүрөт Муфтияттын сайтынан алынды. 28-июль, 2014-ж.

Ай жаңырышы боюнча илимий изилдөө. Сүрөт Муфтияттын сайтынан алынды. 28-июль, 2014-ж.

Бул тууралуу муфтий Максат ажы Токтомушев жекшемби күнү кечинде Коомдук телеканал аркылуу билдирди.

Муфтий айдын чыгышы заманбап технология менен алдын ала байкоо жүргүзүүнүн негизинде аныкталганын айтты:

- 29-июлда Айт намазы окулат жана Орозо айт белгиленет. Кыргызстан эгемендүү мамлекет катары шариятка жана телескоптогу маалыматтарга таянып, айт 29-июлда белгиленет деген чечимге келдик. Айт намазы эртең мененки саат 7:30да окулат.

Ошол эле учурда Исламдагы ай менен санак жүргүзгөн бир топ мамлекеттер Рамазан айы бүтүп, Шавваль айы башталып жаткандыктан, 28-июлду Орозо айт майрамы деп жарыя кылышты. Айтты бүгүн – 28-июлда белгилей турган өлкөлөрдүн катарында Өзбекстан, Тажикстан, Түркия, Малайзия жана башка мамлекеттер бар. Орусиянын мусулмандар кеңеши да Айт намазы бүгүн окулаарын маалымдаган.

Ал арада интернет колдонуучулар айт 28-июлга туура келерин айтып, жаңырган айдын сүрөттөрүн социалдык тармактарга жайгаштыра башташты.

Рамазан айынын алдында да ушундай талаш жаралып, муфтияттын чечими менен орозо 29-июнда башталган. Бир топ өлкөлөрдүн мусулмандары 28-июнда ооз бекитишкен.

Муфтият өкүлдөрү Кыргызстанда ай көрүнө электигин тастыктаган корутундуларды жана сүрөттөрдү Дин башкармалыгынын расмий сайтына жайгаштырды. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG