Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:25

Украинадагы салгылашуу учурунда польшалык журналист жараат алды


Чыгыш Украинадагы Горливка шаарында 27-июлдагы аскерий аракеттер учурунда польшалык журналист, “ЭсперроТВ” каналынын кабарчысы Бьянка Залевская жараат алды. Ал Харьковдого госпиталда дарыланууда.

Атайын операцияларды жүргүзүү боюнча Башкы штабдын фейсбукта тараткан маалыматына ылайык, жикчилер басма сөз белгиси турганына карабай, журналисттер тарапка ок чыгарган. Ал учурда Залевская унаада отурган. Анын кабыргасы сынып, бөйрөк тарабы жараат алганы кабарланууда.

Донецк аймагынын администрациясы Горливка шаарында жекшемби күнкү согушта 13 киши, анын ичинде эки жаш бала набыт кеткенин маалымдады. Бул үчүн ким күнөөлүү экендиги такталган жок. Украин күчтөрү Донецк аймагындагы орусиячыл жикчилдерге каршы 26-июлда операция башталганын жарыялаган. (SE)

XS
SM
MD
LG