Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

“Оймо” фестивалы Ысык-Көлдө улантылат


Өткөн аптада Бишкекте башталган эл аралык “Оймо-2014” фестивалы бүгүндөн тарта Чолпон-Ата шаарындагы эс алуу аянтында улантылат. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлайт.

Тогузунчу ирет өтүп жаткан фестивалга Борбор Азия өлкөлөрү, Орусия, Индия, Ооганстан жана Кытайдан келген кол өнөрчүлөр катышууда. Анын алкагында кебезден, кийизден жасалган буюмдардын жармаңкеси, ар кыл мастер класстар өткөрүлөт.

Фестивалды Борбор Азиялык кол өнөрчүлөрдү колдоо бирикмеси, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Бишкек ишкерлер клубу биргеликте уюштурууда. 25-27-июль күндөрү Бишкекте өткөн иш-чара 28-июлдан 3-августка чейин Чолпон-Атада уланып, жыйынтыкталат. (SE)

XS
SM
MD
LG