Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:38

Суусамырда жол кырсыгынан 4 адам мерт кетти


Бишкек-Ош жолунда май ташыган автоунаа менен “Хонда Аккорд” үлгүсүндөгү автоунаа кагышып, 4 адам каза болду. Кырсык жолдун Суусамыр өрөөнүндөгү 177-чакырымында болгон. Мерт кеткен төрт жүргүнчү тең жеңил автоунаада болушкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Кыргызстанда быйыл жол кырсыктарынын саны көбөйүүдө. Жол кайгуул кызматынын маалыматы боюнча өткөн беш ай ичинде 2687 жол кырсыгы катталып, 312 киши каза болду. Буга байланыштуу өткөн айдан тарта жол эрежесин бузган айдоочуларга айыппул көбөйтүлдү.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG