Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

Малайзия Украинадагы урушту токтотууга аракеттенүүдө


Малайзия өкмөтү 17-июлда кыйраган учак кулаган жайга өтүү үчүн украин жетекчилиги жана орусиячыл козголоңчулар менен ортодогу атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө. Малайзиялык тергөөчүлөрдүн башчысы Кайрыл Гилми Муктар нидерланддардын Bernama жаңылыктар агенттигине 28-июлда билдиргендей, элдешүү зонасы “Боинг 777” кулап түшкөн жайдын тегерегиндеги радиусу 35 км аралыкты камтууга тийиш.

Бул жердеги согуштан улам нидерландиялык жана австралиялык полицайлар 27-июлда ал жерге өтө алышкан жок. Алар бүгүн да учак кыйраган жайга өткөнгө аракет кылышат. Тергөөчүлөр MH17 учагы кантип кулаганын билүү үчүн анын сыныктарын текшерип көрүүнү көздөйт.

Орусиянын тышкы иштер министри С. Лавров тергөө “күнөөсүздүк презумпциясын” урматтоо менен жүрүзүлөт деген үмүтүн билдирди. Малайзиялык авиалайнерде бардыгы 298 адам болгон.

XS
SM
MD
LG