Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:06

Коопсуздук кеңеши Газадагы ок атууну токтотууга чакырды


БУУнун Коопсуздук кеңеши 28-июлдагы кезексиз жыйынында Газа тилкесиндеги ок атууларды “тез арада жана эч кандай шартсыз” токтотууга үндөгөн кайрылууну бир добуштан бекитти. Кайрылуу Израилди жана ХАМАС уюмун гуманитардык жардам өткөрүү үчүн “Айт күндөрү жана андан кийин” урушту толук токтотууга, Египет демилгесине жараша ок атышпоонун шартын бекем аткарууга чакырат. Гуманитардык элдешүү өтө зарыл товарларды жеткирүү үчүн зарыл.

Бүгүн көпчүлүк мусулман мамлекеттеринде Айт күнү.

Израил жана Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС акыркы эки күндө бир нече жолу ок атышууну токтоткон. Үч жумадан берки согушта 1030 палестиналык жана 45 израилдик, көпчүлүгү солдаттар, курман болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG