Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39

Гаага соту: Орусия ЮКОСтун экс-акционерлерине 50 млрд төлөйт


Орусия ЮКОС мунай компаниясынын мурдагы акционерлеринин бир бөлүгүнө 50 млрд доллар төлөп берүүгө тийиш. Бул чечимди Гаагадагы Эл аралык арбитраждык сот 28-июлда чыгарды. Соттун аныктамасында Орусия 2004-жылы ЮКОСту таркатып, негизги мүлкүн менчиктештиргенде 1991-жылы кабыл алынган Эл аралык энергетикалык хартияны бузган деп айтылат. Негизги доочу “Менатеп” компаниясы (Group Menatep Limited) 114 млрд доллар өндүрүп алууну каалайт. Сот ошондой эле Орусияны “Менатепке” 65 млн доллар соттук чыгымдарын төлөп берсин деп да милдеттендирди.

ЮКОСтун ырасмий ээси Михаил Ходорковский салык төлөбөдү, бөтөн бирөөнүн мүлкүн ыйгарып алды деп айыпталып, сегиз жылга соттолуп, былтыр мунапыс алган. 2005-жылы Ходорковский ЮКОСтогу үлүшүн “Менатепке” саткан. Ал кезде “Менатептин” ээси ЮКОСтун мурдагы жетекчилеринин бири болчу.

Орусия 10 күн ичинде доо арыз бере алат.

XS
SM
MD
LG