Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:08

БУУ: Чыгыш Украинадагы согушта 1129 адам курман болду


Украинада апрелден бери болуп жаткан куралдуу чатакта 1100дөн ашуун адам апаат болду. БУУнун Адам укуктары боюнча кеңсеси 28-июлда жарыялаган маалыматта Украинанын чыгышындагы коогалаңда бери дегенде 1129 адам өлгөнү, 3442 адам жарадар болгону, өкмөттүк күчтөр жана козголоңчулар оор аскердик техниканы колдонуп жатканы айтылат.

Уруш жүрүп жаткан Донецк жана Луганск облустарын 100 миңдей адам таштап кеткени да көрсөтүлөт бул билдирүүдө.

БУУнун Адам укуктары коюнча кеңсеси орусиячыл жикчилдерди Чыгыш Украинанын калкын “коркутуп жана террорлоп башкарууда” деп да күнөөлөдү. Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нави Пилаи айымдын айтымында, малайзиялык учактын 17-июлдагы кыйроосу “согуш кылмышы" деп каралашы мүмкүн. Малайзиялык авиалайнерде бардыгы 298 адам бар болчу. Алардын 193ү Нидерландия жарандары.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG