Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:47

Таласта качкан аскерлер боюнча иш козголду


Кыргыз чек арачылары.(Сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок)
Кыргыз чек арачылары.(Сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок)

Таласта чек ара аскер бөлүгүнөн качкан төрт жоокер боюнча кылмыш иши козголду.

Окуяны Аскер прокуратурасы иликтеп жатат. Кыргыз армиясында жоокерлер арасында кызматын таштай качкан, өз өмүрүн өзү кыйган учурлар токтой элек.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, окуя 27-июлда Таластагы чек ара туруктарынын биринде болгон. Аталган кызматтын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын билдиришинче, качкан жоокерлердин баары быйыл жазда чакырылган:

- Кечээ качып кеткен төрт жоокер ошол эле күнү кармалды. Азыр иликтөө жүрүп жатат. Эмнеге аскер бөлүгүн таштай качкан себептерин аныктап жатабыз. Мындан башка маалымат болсо дагы кабарлайбыз. Төртөө тең бир эле чакырылыштагы жоокерлер. “Дедовщина” болушу мүмкүн эмес.

Качкан жоокерлердин бирөөсүнүн жанында куралы болгону айтылууда.

Коргоо министрлигинин алдындагы Ардагерлер кеңешинин Таластагы өкүлү Нурбек Маматбековдун айтымында, жергиликтүү чек ара отряддын абал-шарты дурус деп саналат:

- Азыркы балдар кичине эле кыйынчылык болсо жип көтөрүп чуркап калды. Ким күнөөлүү - командир күнөөлүү, эгер жаман окуса мугалим күнөөлүү болуп жатпайбы. Азыр коомдун өзү ушундай болуп жатат. Бардык эле жерде кыйынчылык болот. Бала бакчага алгач барганда деле көнө албай кыйналат да. Таласта чек ара аскерлигинин турмуш-шарты абдан жакшы. Бизде көзгө басар аскерлерибиз ушул чек ара кызматы эле да. Эмне болбосун көрүнүп калат. Качкан жоокерлер кандай жагдайдан улам качып кеткен себебин териштирүү керек.

Кыргыз армиясында өз өмүрүнө өзү кол салган, ур-токмоктон каза тапкан, жалгыздап, же болбосо жоон тобу менен кызматын таштай качкан окуялар болуп турат. Мунун негизги себептери катары улуулардын кичүүлөргө үстөмдүгү, армиядагы шарттын начардыгы айтылат.

“Жоокерлер энелери” коомдук бирикмесинин башчысынын орун басары Уулкан Байгубатованын пикиринде, армиядагы мындай кылмыштардын анык себептери жаап-жашырылып, жакшы иликтенбей, мындан улам тийиштүү чара көрүлбөй калган учурлар болот:

- Күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керек. Жаап-жашыргандан пайда жок. Жаап-жашыруунун кесепети гана тиет. Командирлер өздүк курам менен иштеши керек. Командир жакшы болгон жерде жоокерлер да жакшы жүрөт. Бул окуяда командирлердин күнөөсү болушу мүмкүн. Кандай болгон күндө да жоопкерчилик ошолордо да.

Былтыр Чек ара аскерлигинде жоокерлер арасында өз жанын өзү кыйган, кызматын таштай качкан окуялар болгон эмес. Өткөн айда Ала-Букада чек ара бөлүгүнүн бир жоокери муунуп өлгөн. Ал жакшы көргөн кызы менен таарыныша кетип ушундай кадамга барган деп айтылган.

Чек ара жоокерлери арасында үрөй учурган окуя мындан эки жыл мурун орун алган эле. 2012-жылы августта Ысык-Көлдөгү Эчкили-Таш бекетинде Балбай Кулбарак уулу аттуу чек арачы төрт кызматташын жана алардын биринин аялын атып өлтүргөн. Өзү эртеси колго түшүрүү учурунда окко учкан болчу.

XS
SM
MD
LG