Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:40

Баткенде аукцион аркылуу эки кен чалгындоого берилди


Кадамжай районундагы Надир темир, Делбек-Түтөк кендеринде чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында аукцион өттү. Аукциондун жыйынтыгында Надир темир кенине лицензияны "Сары-Талаа кенч” ишканасы 211 миң долларга сатып алды. Бул кен үчүн аукциондун баштапкы баасы 100 миң доллар деп аныкталган болчу. Ал эми Делбек-Түтөк кенинде чалгындоо иштерин жүргүзүү укугун “Баткен тоо байлыгы” компаниясы 7 миң долларга сатып алды. Анын баштапкы баасы 3700 доллар деп аныкталган. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктен кабарлашты.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттик жакындан тарта кен байлыктарды иштетүүгө лицензияларды аукцион аркылуу сата баштады. Бул тармактагы коррупцияны азайтуу максатын көздөйт. Буга чейин Нарында, Жалал-Абадда, Ошто аукциондор өткөрүлгөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG