Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Донецк облусунда украин армиясы алга жылууда


17-июлда малайзиялык авиалайнер кулап түшкөн аймакта украин армиясы менен жикичилдер ортосунда катуу согуш жүрүүдө. 28-июлда украин өкмөтүнүн билдиришинче, аскерлер Донецк облусундагы Деблатцево шаарын жана Сур-Могила дөбөсүн ээлешти. Өкмөттүк күчтөр Шахтерск жана Торез шаарларына кирди. Ал эми Улуттук гвардия 250 миң эли бар Горливка шаарынын четинде согушуп жатканы кабарланды.

Нидерландия жана Австралиянын полицайлары MH17 учагы кыйраган жайга өткөнгө аракет кылышууда. Кечээ алар ал жерге өтө алышкан эмес. Нидерланд өкмөтү жардыруулардан улам полициячылар артка кайтышканын билдирген.

Тергөөчүлөр MH17 учагы кантип кулаганын билүү үчүн анын сыныктарын текшерип көрүүнү көздөйт.

Украин армиясы Первомайск шаарына чукул жайда да чабуулга өтүп жатканы маалымдалды.

XS
SM
MD
LG