Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:37

Кыргызстандыктар бүгүн Орозо айтты белгилейт


Айт намазы эртең мененки саат 7:30да башталарын буга чейин Муфтияттан эскертишкен. Бишкекте намаз эски аянтта окулат. Облус борборлорунда да майрамдык намаз негизги аянттарда аткарылат. Айыл жерлеринде жарандар мечиттерде окушат. Бул тууралуу дин башкармалыгынан билдиришти.

Дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттеринде, анын ичинде Борбор Азиядагы Кыргызстандан башка өлкөлөрдө айт 28-июлда белгиленген. Дин аалымдары орозо айт Иран, Бангладеш, Азербайжан сыяктуу өлкөлөрдө да бүгүн болорун айтып жатышат.

Эки күн мурда муфтий Максат ажы Токтомушев айдын чыгышы заманбап технология менен байкоо жүргүзүүнүн негизинде аныкталганын айткан. (SE)

XS
SM
MD
LG