Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:45

Өнөкөт оорулуулардын арасында ВИЧ өсө баштады


Кургак учук жана геппатит сыяктуу өнөкөт оорулуулар арасында ВИЧ илдетин жуктургандар көбөйдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” республикалык СПИД борборунун жетекчиси Үмүткан Чокморова билдирди. Анын айтымында, өнөкөт оорулууларда жат адамдар менен жыныстык мамилеге барган учурда дарт жуктуруп алуу ыктымалдуулугу жогору. Соңку кездери каттоого алынгандардын көбүн кургак учук жана геппатит менен ооругандар түзүп жатканы менен азырынча алардын пайыздык көрсөткүчү так эмес.

Борбордун эсебинде, ушул тапта Кыргызстанда ВИЧке чалдыккандардын саны 5447 кишиге жетти. Алардын 974ү каза болду. Илдетти алып жүргөндөрдүн сексенден ашууну чет элге иштегени барып, кокустан ВИЧ жуктуруп, кайтып келген жарандар. (SE)

XS
SM
MD
LG