Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:55

Ташиев соттолуучу макамын жокко чыгарууну сурап сотко кайрылат


"Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев соттолгон деген макамын жокко чыгарууну сурап сотко кайрылат. Бул тууралуу Ташиев “Азаттыктын” Ыңгайсыз суроолор” берүүсүндө сүйлөп жатып билдирди. Анын айтымында, сот арызын канаатандырса, ал 2015-жылдагы парламенттик шайлоого катышат.

2012-жылы 3-октябрдагы митингде бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып менен Ташиевди сот 1 жыл 5 айга кесип, депутаттык мандантынан ажыраткан. Жогорку Сот былтыр 6-августта жергиликтүү соттун чечимин күчүндө калтырган.

Ташиев жакында жергиликтүү НТС каналына берген интервьюсунда өз аракетинин мыйзамсызыдыгн мойнуна алган. Ошондой эле ал орозо айынын урматына катуу сөз айтып капа кылган бардык жарандардан, анын ичинде бийлик өкүлдөрүнөн кечирим сураган. Интервьюдан кийин өз позициясынан тайды деген жүйө менен Ташиевди Улуттук оппозициялык кыймыл өз катарынан чыгарган.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG