Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:32

Кыргызстанда ЖККУнун аскерий машыгуусу башталды


Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн Кыргызстандагы “Майтарылгыс боордоштук” машыгуусу башталды. Машыгуу Токмок шаарына жакын жердеги “Ала-Тоо” полигонунда расмий ачылып, ага ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа, Кыргызстан Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев баштаган аскерий жетекчилер катышты. Аскерий машыгууга уюмга мүчө Орусия, Беларусь, Казакстан, Тажикстан жана Армениянын аскерлери келишти. Машыгууга Кыргызстанды кошкондо мүчө мамлекеттерден 700гө жакын аскер катышууда.

Бул аскерий иш чарага байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрү да келип, көз салууда. Машыгуу 1-августта аяктайт. (BkA/EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG