Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:15

ЖККУ чек араны чечүүдө мунаса табууга көмөктөшөт


Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа аталган уюм, же болбосо үчүнчү тарап эки өлкө ортосундагы чек арага байланышкан жаңжалдарды чечүүгө аралаша албайт деп билдирди. Бирок ЖККУ жаңжалдашкан тараптардын мунаса табуусуна кол кабыш кылып, шарт түзүүгө көмөктөшө аларын айтты. Кыргызстан менен Тажикстандын жогорку бийликтеринин деңгээлинде чек ара маселелерин чечүүдө мунаса табууга аракет жасалып жатканын белгиледи.

Ушул жылдын башында Баткенде тажик айылдарын айланып өтчү жолду куруу башталганда кыргыз-тажик чек арачылары ортосунда куралдуу кагылыш чыккан. Бул окуядан кийин Бордюжа оболу Душанбеге, андан кийин Бишкекке келип кеткен. ЖККУнун баш катчысы чек ара жаңжалын жөнгө салуу жолдорун талкуулаганы айтылган. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG