Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Транспорт министрлигинин статс-катчысы Дыйканов эки айга камалды


Коррупцияга шектелип кармалган Транспорт жана коммуникация министрлигинин статс-катчысы Максатбек Дыйканов эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди 27-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарганын Дыйкановдун адвокаты Сумар Насиза “Азаттыкка” кабарлады. Адвокат эртең Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылаарын билдирди.

Максатбек Дыйканов 27-июлда кармалган. Ага каршы Кылмыш кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Коррупция” беренелери боюнча кылмыш иш козголгон. Башкы прокуратурадан маалымдашкандай, Жалал-Абад облустук курулуш башкармалыгы 2010-2013-жылдары бюджеттеги 22 миллион сомдон ашык каражатты мыйзамсыз колдонгон. Анын 5 миллион сомун Дыйканов баштаган Транспорт жана Коммуникация министрлигинин жооптуу адамдары пара катары алып турган деп шектелүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG