Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:55

Бишкек: ишке чыккан муниципалдык транспорт көбөйдү


Бишкекте маршруттук каттамдагы кичи автобустардын айдоочулары иш таштаганына байланыштуу шаардагы троллейбус жана автобустардын саны көбөйтүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” борбордун транспорт башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Атыканов билдирди. Бүгүн таң эртеден шаарда ишке чыккан троллейбустардын саны 75тен 85ге, автобустардын саны 120дөн 133гө жетти. Кийинки күндөрү мындан да арбышы мүмкүн. Атыканов иш таштаган айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн, эртеңден тарта баары жумушка чыгат деп убада кылды.

Кечээ Бишкекте маршруттук каттамдагы кичи автобустардын айдоочулары иш таштаган. Алар акция аркылуу бийликтен жол кирени 15-20 сомго чейин көбөйтүүнү, жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пулду көбөйткөн жаңы мыйзамды өзгөртүүнү талап кылышууда. Мэрия жол кире боюнча шаардык кеңеш чечим кабыл алаарын айтып, бул боюнча кеңешке кайрылууну сунуштады. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG