Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:51

ЖККУ тынчтык орнотуу операцияларына аралашат


Бул тууралуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа уюмдун “Майтарылгыс боордоштук” машыгуусунун башталышында журналисттерге билдирди. Тынчтык орнотуу макасатында аскерий операцияларды биргелешип өткөрүүдө мындай машыгуулар маанилүү экенин белгиледи:

- ЖККУнун алкагында тынчтык орнотуу ишмердигин өнүктүрүү өтө зарыл болуп турат. Бул багытта биз Бириккен улуттар уюму менен чогуу кызматташып жатабыз. Алар бардык жолугушууларда ЖККУнун бейкуттук күчтөрү өз аймактарында эле эмес, уюмга мүчө болбогон мамлекеттерге да барууга даяр болушуна өтө кызыкдар экенин билдирип келишет. Бул машыгууда тынчтык орнотуу операциясындагы негизги багыттар: гуманитардык жүктөрдү кайтаруу жана коштоп баруу, өзгөчө маанилүү объекттерди коргоо, тосмо бекеттерди кайтаруу, туткундарды куткаруу өңдүү элементтерди көрсөтүшөт.

ЖККУ 1992-жылы түзүлгөн. Ага учурда алты мамлекет: Кыргызстан, Армения, Казакстан, Орусия, Тажикстан жана Беларус мүчө. Өзбекстан болсо уюмдан 2012-жылы чыгып кеткен. (EBM)

XS
SM
MD
LG