Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Саддамдын тууганымын деген адам Тажикстандан башпаанек издөөдө


Бул тууралуу тажик расмий өкүлдөрү кабарлашты.

Өлкө түштүгүндөгү Фархор районунун ГАИ башчысынын орун басары Махмад Изатуллоевдин “Азаттыктын” тажик кызматына бүгүн айтканына караганда, өзүн Абдулла ибн-Ахмад ал-Арабия деп атаган, беш тилде эркин сүйлөгөн адам ооган -тажик чек арасынан мыйзамсыз өткөнү үчүн 13-июлда кармалган.

Ал кезинде Ирактын мурдагы диктатору Саддам Хусеиндин жашыруун кызматында иштегенин, беш жыл түрмөдө олтурган соң Ооганстанга качканын, эми Тажикстандан саясий башпаанек сурарын билдирген.

Учурда анын берген маалыматтары тажик бийликтери тарабынан иликтенүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG