Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:54

Орусияда “агрессор өлкө” мыйзамы даярдалууда


Кабарларга караганда, даярдалып жаткан мыйзам долбоорунда “агрессор өлкө” деген түшүнүк Орусия федерациясына, анын жарандарына, компанияларына каршы санкция киргизген мамлекеттерге карата колдонулат.

Кремлчил “Известия” гезити бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын депутаттарына шилтеме берип жазгандай, бул мыйзам орус өкмөтүнө “агрессор өлкөдө” катталган аудитордук жана консалтинг компаниялардын Орусиядагы ишин чектөөгө мүмкүндүк берет.

Орусия мыйзамдарына “агрессор өлкө” түшүнүгүн киргизүү демилгелери Москва украин кризисинен улам ага каршы утур-утур санкция киргизип жаткан Еврошаркет менен АКШга жооп чараны караштырып жаткан кезде чыгууда. (UE)

XS
SM
MD
LG