Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:36

Тергөөчүлөр учак кыйраган жерге бүгүн да кире алган жок


Нидерландиянын юстиция министрлигинин кабарына караганда, алардын жана Австралиянын эксперттери Донецктеги базасынан бүгүн да чыга албады.

Буга малазиялык жүргүнчү учак кыйраган жерге алып баруучу жолдогу жана анын айланасындагы уруштар себеп болду.

Расмий Киев кечээ алардын аскерлери 298 жүргүнчү мерт болгон жердин жака-белиндеги кыштактарга киргенин кабарлаган.

Атышуулар менен жардыруулардан улам Нидерландия менен Австралия эксперттери учак кыйраган жерге үч күндөн бери бара албай олтурушат.

Алар учактын кыйроо себептерин так билиш үчүн анын сыныктарын текшерүүнү көздөшүүдө.

Уруштар бүгүн Донецк шаарынын айланасында да уланып жатканы кабарланды. Темир жолдун бузулуусунан улам поездердин каттамы токтогон.

17-июлда малазиялык учак кулаганда мерт болгон 298 жүргүнчүнүн 193 Нидерландиянын жарандары. (UE)

XS
SM
MD
LG